Кыргыз Республикасынын элине кайрылуу

Дээрлик жарым кылым мурун Тянь-Шань тоо кыркаларынын эң алыскы районунда, деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте советтик геологдор алтын табышкан. Ондогон жылдар бою меймандарды сүйбөгөн жерде жайгашкан кенди иштетүү мүмкүн эмес деп эсептелчү.

Андан соң, 1994-жылы, кыргыз эли эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, сиздердин жардамыңыздар менен биз баштапкы кызмат кылуу мөөнөтү 18 жылга чегерилген “Кумтөр” алтын кенин кура баштадык. Ушул күнгө чейин биз биригип жараткан нерсе дүйнө жүзүндөгү инженерлердин көңүлүн бурууда.

Ошол убакыттын ичинде Centerra Gold US$3,4 миллиарддан ашуун каражатты инвестициялады – биз дүйнөлүк класстагы объектини иштеп чыгып, аны айлана чөйрө жаатында, коопсуздук жана инженериясынын эл аралык стандарттарына ылайык башкарып, алтын кенинин иштөө мөөнөтүн дагы 34 жылдан ашуун убакытка узарттык. Биздин жетекчилигибиздин алдында “Кумтөр” кени Кыргыз Республикасындагы ири жеке кызмат берүүчү, анын көлөмдүү салык төлөөчүсү, жана Кыргызстандын экономикасы менен социалдык программаларына маанилүү салымын кошкон компания болду.

“Кумтөр” кенин басып алуу биз биригип курган нерселердин баардыгын жокко чыгаруучу жалган маалыматка жана жүйөөсүз күнөөлөргө негизделген. Өкмөттүн негизсиз аракеттери миңдеген жогорку маяналуу иш орундарына, жүздөгөн кыргызстандык жабдуучулардын бизнесине коркунуч туудурат деп кооптонобуз.

Эң негизгиси – мындай аракеттер Кыргызстан экономикасына жана келечекте мамлекетке келүүчү чет өлкөлүк инвестицияларга коркунуч туудурат. Эл аралык инвесторлорго ишенимдүүлүк керек. Алар кол коюлган келишимдерди өкмөт сактап жана урматтап, эрежелерин эскертүүсүз өзгөртпөй турганын билгилери келет. Жакында Centerra Gold “Кумтөр” кенинин ишин дагы узартуу үчүн US$2 миллиард клшумча инвестиция салууну пландаштырып жатканын билдирген эле. Бирок жакында болгон окуялардан улам ал пландар токтотулду.

Биз дагы деле Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен үзүрлүү сүйлөшүүлөргө даярбыз. Бирок буга чейин сүйлөшүүлөрдү баштайлы деген биздин аракеттерибизди бийлик четке кагып жатты. Ортобуздагы келишпестиктерди биз дайыма сүйлөшүүлөр жана келишүү ымаласы аркылуу чечип алчубуз. Бул жолу болсо өкмөт “Кумтөр” кенин атайын улутташтыруу аракетин жасап жатат же Centerra Gold’ду күчкө салып ээлигинен баш тарттыруу аракети болуп жатканы бизди тынчсыздандырууда.

Биздин максатыбыз бул талаш-тартышты алгылыктуу чечүү. Ошол эле мезгилде биз “Кумтөр” кенинин баалуулугун сактап, Centerra Gold’ду жана анын кызыкдар тараптарын өкмөттүн укуксуз амалдарынан коргоп калуу үчүн болгон аракетибизди жасап жатабыз.

Кыргызстанга да, биздин компанияга да пайдасын алып келген кыргыз эли менен түзүлгөн узак кызматташуубузга сыймыктанабыз. Учурда ушул кооз өлкөгө инвестициаларыбызды багыттай албай калганыбыздан улам биздин көңүлүбүз чөгүүдө.

Рахмат,


Скотт Перри

«Центерра Голддун» президенти жана башкы аткаруучу директору

Торонто, Канада